Illustration Мэрлердин Келишими

Мэрлердин Келишими – өз аймактарында энергиянын үзүрлүүлүгүн жогорулатуу жана калыбына келүүчү энергия булактарын колдонууга ыктыярдуу милдет алган жергиликтүү жана чөлкөмдүк бийликтерди бириктирүүчү Европа Бирлиги баштаган негизги демилге. Алган милдеттенмелерине ылайык,Келишимге кол коюучулар 2020-жылга карата көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кеминде 20%га кыскартуу менен жашыл экологиялык өсүш жана жашоо сапатын жогорулатууга салым кошууну көздөшөт.

Келишим бир караганда

2008-жылы ЕБ Климат жана Энергия боюнчча чаралар Топтомун кабыл алгандан кийин, Европа Комиссиясы жергиликтүү бийликтердин туруктуу энергия саясаттарын өнүктүрүү жана ишке ашырууда көрүп жаткан аракеттерин бекемдөө жана колдоо үчүн Мэрлердин Келишимин ишке киргизген. Чындыгында эле, жергиликтүү бийликтер климаттын өзгөрүшүнүн таасирин жумшартууда чечүүчү милдетти аткарышат, анын үстүнө энергия керектөөнүн жана CO2 бөлүп чыгаруунун 80%ы шаарлардын иш-аракетине байланышкан.

Мэрлердин Келишими аркылуу ЕБ институттары жергиликтүү жана чөлкөмдүк бийликтерди түздөн-түз тартууда мурда болуп көрбөгөндөй кадам жасап, муну менен алардын энергия жана климат боюнча дымактуу максаттарга жетүүдөгү маанилүү милдетин моюнга алышты.

Иш-аракеттер өздөрү айтып турат

Саясий милдеттенмелерди айкын иш-чараларга жана долбоорлорго айландырыш үчүн, Келишимдин кол коюучулары Чыгындылардын Базалык Кадастрын (ЧБК) жана күчтүү жетекчилик потенциалды даярдоо боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле алар аткарууну көздөп жаткан негизги иш-аракеттерди белгилеген Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттердин планын кол койгондон кийинки бир жылдын ичинде тапшырууну өз мойнуна алышат.

Энергияны үнөмдөөдөн тышкары, кол коюучулардын иш-аракеттеринин натыйжалары көп түрдүү: таза жана жеткиликтүү энергия кызматтарынын болушу, дасыккан жана туруктуу иш орундарын түзүү; каржылык жана социалдык туруктуулуктун чыңдалышы, айлана-чөйрөнүн таза болушу жана жашоонун сапатынын оңолушу; ишкерликти өнүктүрүү жана инновациялар аркулуу экономикалык атаандаштыкты өрчүтүү жана коомдук кызматтарды жана инфратүзүмдү жакшыртуу. Бул иш-аракеттер, өзгөчө “Мыкты тажрыйбалар” бөлүмүндө – Келишимдин кол коюучулары тапшырган мыкты тажрыйбалардын топтомуна –кайрылуу аркылуу башкаларга үлгү болот. Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттер пландарынын каталогу – шыктануунун дагы бир ушундай булагы, себеби ал башка кол коюучулар алдына койгон дымактуу максаттарга жана аларга жетүү үчүн аныктаган негизги иш-чараларга көз чаптырганга мүмкүнчүлүк берет.

Көп тараптуу колдоо

Кол коюучулардын өлкөлөрүндө

Улам көбүрөөк муниципалитеттер Келишимге кошулууга саясий эркин билдирип жатканы менен, милдеттенмелерин аткарууга алардын баарынын эле зарыл саясий жана административдик мүмкүнчүлүктөрү, же каржылык жана техникалык дарамети жете койбойт. Ошондуктан, Келишимдин алкагында кол коюучуларга алардын дымактуу максаттарын аткарууга жардам берүүнү каалаган администрацияларга жана тармактарга өзгөчө макам берилген.

Келишимге колдоо көрсөткөндөр катары белгилүү болгон жергиликтүү бийликтер Тармактары же Бирикмелери жарнак иштери, мүчөлөрү менен иштешүү жана тажрыйба алмашуучу аянтчалар аркылуу демилгенин таасирин максимумга жеткирүүгө милдеттенме алышат.

Мэрлердин Келишиминин Кеңселеринен

Брюсселдеги Мэрлердин Келишиминин Кеңсеси, ошондой эле анын Львовдогу (Украина), Тбилисидеги (Грузия), Еревандагы (Армения) жана Алматыдагы (Казакстан) бөлүмдөрү – Чыгыш Мэрлеринин Кеңселери - Келишимдин кол коюучуларына, Келишимдин Координаторлоруна жана Келишимге колдоо көрсөткөндөргө күн сайын жарнактык, техникалык жана административдик жардам көрсөтүп турушат. Львовдогу, Тбилисидеги, Еревандагы жана Алматыдагы бөлүмдөрдү башкаруу жергиликтүү, чөлкөмдүк жана өлкө бийликтери жөнөткөн уюмдардын консорциумдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Брюсселдеги Мэрлердин Келишиминин Кеңсеси демилгени баарынын үстүнөн тескөө үчүн жооптуу.

Бириккен изилдөө борбору тарабынан

Мэрлердин Келишиминин Кеңселери менен кызматташтыкта, Европа Комиссиясынын Бириккен Изилдөө Борбору кол коюучуларга негизинен Чыгындылардын Базалык Кадастрларын жана Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттер пландарын иштеп чыгууда илимий жана техникалык маселелерде жардам берет.

Мэрлердин Келишиминин Кеңселери жана Бириккен Изилдөө Борбору менен макулдашып иштелип чыккан бир катар куралдар жана технологиялар Кол коюучуларга жол көрсөтөт.

ЕБ институттарынан

Келишим Европа Комиссиясынын эле эмес, булардын да толук институттук колдоосунан пайда алат: демилгени башынан колдоп келген Чөлкөмдөр Комитетинен; Жылдык кол коюу салтанаты өткөрүлүүчү Европа Парламентинен; жана жергиликтүү бийликтерге инвестициялык потенциалын ачууга жардам берген Европа Инвестиция Банкынан.

Twitter
Телефонуңуз
аркылуу алмашуу Facebook
Келишимдин бетине
күйөрман болуу Newsletter
Ай сайын келүүчү
жаңылыктар катына жазылуу Rss feeds
Жаңылыктарды реалдуу
убакытта алып туруу
Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен. Вебсайтты Мэрлердин Келишими Кеңселери тескеп турат..
Жаңылыктар | Күн тартиби | Сайт картасы | Rss жардам | Ыраазычылыктар | Укук