Illustration Жергиликтүү Бийлик катары

Жергиликтүү бийликтер климаттын өзгөрүшүн жумшартууда алдыңкы ролду аткарат. Мэрлердин Келишимине катышуу Келишимдин Аймактык Координаторлору, Келишимге колдоо көрсөткөндөр, Мэрлердин Келишими Кеңсесинин институттары жана башка тиешеси бар ишкерлер менен ар тараптуу колдоо жана тармактык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен аларга бул аракетте колдоо көрсөтөт. Колдоо жок жерлерде башка өлкөлөрдөн алынган мисалдар жергиликтүү бийликтерге өнөктөрүн Келишимге кошулууга жана аракет кылууга ынандырууга жардам бере алат.

Ким жарайт?

Мэрлердин Келишими шайланган өкүлдөрү менен/аркылуу демократиялык түрдө түзүлгөн жергиликтүү бийликтердин баары үчүн, алардын өлчөмүнө, энергия жана климат саясаттарынын ишке ашырылыш даражасына карабастан, ачык.

Кантип кошулса болот?

Тынымсыз өсүп жаткан демилгеге кошулуш үчүн жергиликтүү бийликтер буларды аткарышы керек:

  • Мэрлердин Келишими демилгесин муниципалдык кеңешке көрсөтүү;
  • Кеңеш расмий резолюция аркылуу Келишимге кошулуу боюнча формалдуу чечимди кабыл алганын кепилдөө
  • Мэрге – же шаардык кеңештин ага барабар өкүлүн – кошулуу калыбына кол коюуга тапшырык берүү;
  • Демилгеге кошулуу чечимиңиз тууралуу Комиссияга билдирүү үчүн Мэрлердин Келишими Кеңсесине электрондук билдирүү жөнөтүү;
  • Шаардык кеңешке жиберилген имейлди ырастоодо белгиленген кийинки кадамдарды эске алуу.

Качан кошулса болот?

Жергиликтүү бийликтер Мэрлердин Келишимине каалаган убакытта кол койо алышат, убакыт чектелген эмес. Мэрлердин Келишими Салтанаттары жыл сайын эл алдында кол коюу аркылуу эл аралык серептен пайда алган көптөгөн мэрлердин катышуусу менен өтөт

Эмне үчүн катышуу керек?

Мэрлердин Келишиминин кол коюучулары кыймылга кошулууга көп себептерди көрүшөт, алардын арасында булар:

  • Жергиликтүү элге жана уюмдарга айлана-чөйрө, социалдык жана экономикалык жактан туруктуу чөйрө камсыз кылуу аракеттеринде жардам алуу (жеткиликтүү энергия кызматтары, иш орундарын түзүү, айлана-чөйрөнүн таза болушу ж.у.с.);
  • Башкы экономикалык, энергия жана климат көйгөйлөрүн жарандардын пайдасына чечүү үчүн муниципалитеттин ичинде жаңы саясий, административдик жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • Өз аймагында табиятка шайкеш экономикалык өсүү жана жашоонун сапатынын оңолушун карай күч-аракеттер кыймылын түзүү же күчөтүү;
  • Башка пионерлердин кубаттоосунан жана мисалынан өрнөк алуу;
  • Өз аймагында иштелип чыккан алдыңкы тажрыйбаны башкалар менен бөлүшүү;
  • Өз аймагын жергиликтүү туруктуу энергия иштеп чыгуу пионери катары таанытуу;
  • Институттардын (ЕБ жана Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия уюмдарынын) жактыруусунан жана колдоосунан пайдалануу;
  • Дүйнөлүк CO2 бөлүп чыгарууну кыскартуу демилгесине салым кошуу
Twitter
Телефонуңуз
аркылуу алмашуу Facebook
Келишимдин бетине
күйөрман болуу Newsletter
Ай сайын келүүчү
жаңылыктар катына жазылуу Rss feeds
Жаңылыктарды реалдуу
убакытта алып туруу
Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен Европа Комиссиясынын – DG DEVCO менен Энергия боюнча Башкы Директораттын – саясий колдоосу менен. Вебсайтты Мэрлердин Келишими Кеңселери тескеп турат..
Жаңылыктар | Күн тартиби | Сайт картасы | Rss жардам | Ыраазычылыктар | Укук